өркөч
- Төөнүн жонуңда майдан чогулуп, уркуюп, сороюп чыгып турган дөмпөк.
- өт. Малдын ыйык жалына жакын бүкүрөйүңкү, урчуктанган жери.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Көчмөн кыргыз элинде, / Пил окшогон лөгү көп, / Жону туйук нары көп, / Айры өркөч атан көп, / Казынада дүйнөсүн, / Арттырып алып нарына,
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
…десең да, / Каңгайдын эли берет, — деп, / Кыздан кырк миң десең да, / Көп эмес эби келет, — деп, / Тобурчак, чалыш, аргымак – / Жылкынын нечен түрү бар, / Айры өркөч туйук нар – / Төөдөн чыккан пили бар, / Куру эмес келген тартуу мал, / Үстүндө арткан жүгү бар.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Төрттөн аркан, төрттөн кап, / Ком-чому менен мен берем, / Айры өркөч атан төө берем, / Жону туйук нар берем, / Үч унаага бирден эр, / Айры өркөчтөн алты миң, / Нардын саны толук миң, / Нар санаты жети миң, / Тартар аркан, салар …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Кокжоңдотуп төө минген, / Төө минбесе жөө жүргөн, / Терекбай жүргөн жагынан, / Жалындаган от күйгөн, / Алдыңкы ээги шалпайган, / Жонунда өркөч каркайган, / Азуулары аркайган, / Мингени төөнүн чоңу экен, / Төрт айагы тартайган, / Чарадай бар таманы, / Баскан изи талпайган, / Тарбалаңдап жүгүрсө, / Арка…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Карды салык тайган төш, / Өркөчү бийик сери пас, / Өөдөгө салса чарчабас.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →