өрдөк

китептерде 116 жолу, 7 китепте
  1. Жазы тумшуктуу, жаргак тамандуу сууда сүзүүчү куш.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Өрдөктөй мойну узарып, / Өткүр миз найза карманып, / Өрттөгөн арча беттенип, / Төбө чачы тиктенип, / Белин бектеп курчанып, / Теңдиги кетип колунан, / Деги жаман муңкан… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Кулжасы жатса төрүндө, / Куланы жатса чөлүндө, / Өрдөгү жатса көлүндө, / Оролуп айбан баспаса. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
…ган, / Кургакка деңиз кошулуп, / Кайсы экени билинбей, / Күлгүн тарткан кеп ошо; / Салынып барган тумшукта, / “Инжилди” көмгөн ороо бар, / Деңизинин бойунда, / Өрдөк, чүрөк, кайырма, / Аралашкан соно бар, / Салынып келген деңизге, / Сандуба деген жер ошо; / Калкайып кара көрүнгөн, / Карачайдын кени ошо; / Арасында саргарган… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
…стүндө минген адамзат, / Колунда алган кушу бар, / Канаттары жаркылдайт, / Учуруп койсо үстүндө, / Тегеренип калкылдайт, / Доолбас уруп какканда, / Учуп чыккан өрдөк, каз, / Түк бирөөнү куткарбайт. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Кийгени кызыл шайыдай, / Кыңгыранган уулдар, / Каз, өрдөктөй катарлаш, / Керилген келин, сулуу кыз, / Салтанат сайран курушуп, / Шапар тээп тунушуп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →