өрдө

китептерде 28 жолу, 8 китепте
  1. Өр тарапты көздөй, өйдө көздөй жүрүү, капчыгайдын, коктунун баш жагын көздөй же суунун агымына каршы жүрүү.
  2. Өйдөлөп өсүп отуруп, өзүнүн учуруна жетүү, мезгили келүү, чыбаштоо, чыбашы көбөйүү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Тору аттын башын бурганы, / Токтоо кылып турбады, / Чагандыны өрдөдү, / Таң агарган мезгилде, / Жаткан элди көргөнү. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
…, / Керектүү жабдык калбасын, / Өнөрлүү жатып албасын, / Өзү куру барбасын, / Жыгач менен темирге, / Керек болор нерседен, / Кемип бирөө барбасын, / Кардыкачты өрдөсүн, / Эт бышымча иш кылып, / Бирден асый жылкы алсын, - / Казактардын Борончу, / Алмамбет сөзүн шарт кылып, / Кернейчи менен сурнайчы, / Алмамбеттин айтканын, / У… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Ошентип жүрүп көп жолдон, / Басылбаган аз калды, / Чаңчыкпас менен жаш Токой, / Өрдөп чыкты чуратып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Кирери менен тамактын, / Мурунга жыты өрдөгөн. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Айтып элге угузуп, / Бир жылы толук кам кылып, / Күлгүндөрүн бүктөтүп, / Күлүктөрүн байлатып, / Жакындап калды күз, дешип, / Жетитөр өрдөп эл көчтү, / Суусамырды көздөшүп, / Отуз миң байдын үйлөрү, / Орду менен конду эми, / Калган кыргыз үйлөрү, / Бөксөлөй тартып конду эми, / Алыскы жерге кетпеди,… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →