өргү

китептерде 43 жолу, 7 китепте
  1. Тыныгуу, өрүү кылуу, жолдо эс алуу.
  2. Күчүнө кирүү, кубатына кирүү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Он алты күн ары айдайт, / Төрт күн атты өргүтөт. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Куу мүйүз кулжа атам деп, / Ат өргүтүп жатам, деп, / Таш келтени октоду, / Милтесин кызыл чоктоду. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Таталбектен кеп келди, / Орусхан баштап урумдук – / Баарысына эп келди, / Карынын айткан бул сөзүн, / Айчүрөк, Гүлүс эп көрдү, / Дагы өргүп эки күн, / Аттанып булар жөнөдү. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Ойлоносуң Каныш сен, / Ат өргүтүп жатат деп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Байгеге чапкан аттары, / Эки күн өргүп жатканы, / Жеткенине келгенче, / Жети күн өтүп кетиптир, / Ылганган күлүк чапкан ат, / Ошол күнү жетиптир. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →