өпкө

китептерде 154 жолу, 10 китепте
  1. Көкүрөк клеткасынын ичине орношкон адамдын жана жаныбарлардын дем алуу органы.
  2. Өпкө турган туш; каптал.
  3. өт. Таарыныч.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Билегинен күч кетти, / Өпкөнүн кара тамырдан, / Кунан уйдун белиндей, / Өкүрөңдөп кан кетти. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
…ташка керейин, / Тереңди тасма тилейин, / Кутурупсуң, Кененим, / Көөкөрлөп каның ичейин, / Айтканыма жетпесем, / Найзага илип кетпесем, / Өзөгүңдөн жарбасам, / Өпкө бооруң албасам, / Бооруңду чокко салбасам, / Жүрөк каның ичейин, / Каныңа кылыч майласам! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
…ни, / Көнүкү болгон тулпары, / Бута атым артка кеткени, / Күрзүсү жерге киргени, / Ыкшап тартып алганча, / Баатыр көк жал жеткени, / Жата тургун эми деп, / Как өпкөнүн тушу деп, / Эти жок такыр колтукка, / Мылгытып найза жиберди, / Ылдамдап копшуп имерди. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Каныкейден кеп кетип, / Тепелең деген бир келин, / Чуркаган бойдон ал жетип, / Көрүнүп турган өпкө-боор, / Ичеги, карын, жумурун, / Беш жеринен кескени, / Канчоро өлүп кетти эми, / Кылчайып туруп ошондо, / Каныкей айткан бир кеби: / — Өлүгүн таштап салбаңар, / Ке… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Чылгый тери ысык күнгө кургап, өпкө-боорумду куушуруп, кечки салкында кайра кенеле калып, айтор, алымды кетирип жүрдү. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →