өп2

китептерде 32 жолу, 7 китепте
  1. Жакшы көргөндүгүн, сүйгөндүгүн, урматтагандыгын билдирүү иретинде кезиккенде, коштошкондо ж. б. учурларда эрдин тийгизүү, эрдин тийгизип сүйүү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Амандашып жол кошуп, / Колун сунуп көрүшүп, / Колдун учун өбүшүп, / Амандыгын билишип, / Карсылдашып күлүшүп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Кайра тартып калган жан, / Каарына калсын мунун деп, / Буркандарын өбүштү, / Убадасын токтотуп, / Чиктей кабар беришти, / Тарап булар жөнөштү. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
…үп, / Келинден бетер жүгүнүп, / Кандыргалап бүгүлүп, / Катындан бетер жүгүнүп, / Олуйазада Кошойдун, / Улуулугун билгизип, / Салам айтып көрүшүп, / Колдун учун өбүшүп, / Эсен-соонун сурашып, / — Жүрү Ажыбай, аттан — деп / Кайра тартты чоң Кошой. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Хан сарайда көрүшүп, / Колдун учун өбүшүп, / Эсен-соосун сурашып, / Олтуруп калды дуулашып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Алдына келип ат алып, / Канчоро менен көрүшүп, / Сагынышкан немедей, / Кучакташып өбүшүп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →