өнөр

китептерде 163 жолу, 10 китепте
  1. Бир нерсени жасоо, иштөө жолун, пайдалануу жөнүн билгендикти талап кылган кесип.
  2. Чеберлик, усталык, билгичтик, маштык.
  3. Амал, айла.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Жалаңгыч сарык Кененим, / Токсон күн тамам болгунча, / Үч ай жүзү толгунча, / Асылча менен Бекбача, / Бактыбай бар жанында, / Отуз эки ат машын, / Саны толук кырк экен, / Эр жигиттин жөө машы, / Бир кишиге аз деди, / Жетимиш эки өнөрдү, / Ошонун баарын үйрөтүп, / Оорагын мунун көтөрдү. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Көптү көрүп, көп билген, / Жүйрүндүн тилин сууруп жеп, / Бар өнөрүн жат билген, / Колундакы найзасын, / Булгап- булгап имерди, / Шамалды айдап жиберди. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Адамзат кылчу өнөрдүн, / Ал чочкодо баары бар! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
Ошол жерге коюн токтотуп коюп, барлык өнөрүмдү салып Беккулду буза баштадым. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
– Менин өнөрүм: агып бара жаткан деңиздерди, сууларды алаканым менен токтотомун, – дейт. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →