өн
- Уруктан, үрөндөн, тамырынан ж.б. өсүп чыгуу, өсүп чоңоюу.
- Өсүү, өнүгүү, чоңоюу, көбөйүү, артуу.
- өт. Бир нерсе чыгуу, табылуу; пайда чыгуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Көйкөлүп жаткан чөбүнө, / Көзү тойот көргөн жан, / Өнгөн дарак көбүнө.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
…шүп, / Жердин бети жарылып, / Казан каптай нечен таш, / Аңтарылып торойуп, / Башбагып жерден коройуп, / Тизе бойу көрүнүп, / Нечени чыкты соройуп, / Түбү менен өнгөн чий, / Карарып калды торойуп, / Кээ бир таштар көмүлүп, / Жерге кирди жоголуп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Уруктап улам өнгөн кеп, / Урматтап эли көнгөн кеп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Тулаңы өнүп буралып, / Чырпыгы жерде чубалып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
…/ Улук болсун урматтуу, / Сулуу болсун сымбаттуу, / Асыл болсун кымбаттуу, / Сындуу болсун сымбаттуу, / Учкул болсун канаттуу, / Тулпар болсун атактуу, / Жазда өнгөн жалбырак, / Күз болгондо кубартты, / Кыймыл эткен баарыны, / Кара жер соруп жылмайтты.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →