өмдө
- Көптөө, каптоо, жалпы колдун душманга карай жапырт чабуул коюшу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Жедигердин элине, / Буйрук бердим баргын деп, / Ажыратып ханыңды, / Аман айрып алгын деп, / Жедигер эли өмдөшүп, / Каракөз өлбөй кутулду, / Кызылкыз салды айабай, / Кыргызга арбын сыйкырды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Өмдөгөн менен коросон, / Туруштук кыла албады, / Он алты миң киши экен, / Алты айланып өткөндө, / Ат үстүндө эрбейип, / Он миңчеси калганы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Жамгырчы кирсе турбады, / Балта айал кылбады, / Өмдөшкөн киши жоо алат, / Атынын башын бурганы, / Качырып калмак Ушаңы, / Кабылан Манас баатырга, / Капталга найза сунганы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Өлгөндү көрүп өчөшүп, / Каптап кирбейт өмдөшүп, / Өлгөндөн өөдө менмин, деп, / Сомбилек менден өлдү, деп, / Бирден-бирден келишет, / Бирден жарак көтөрүп, / Жан алычу периште, / Жанын ага тапшырып, / Сомбилек турат көшөрүп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →