өмбүл-дөмбүл

китептерде 7 жолу, 3 китепте
  1. Тегиз эмес, түз эмес, өңдөң, өңгүл-дөңгүл, өңгөк-дөңгөк, өңгү-дөңгү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Кененим чыкты жол тосо, / Оң айланып сол болуп, / Сол айланып оңболуп, / Омбул-домбул секиртип, / Ойрон болгон чоң Чиктей, / Олоңдорун бекитип, / Белин тартып мекитип, / Олбуй-солбуй камчы уруп, / Согончоктап теминип, / Иледеги урушта, / Башында калган жеңилип, / Жанын айаар жери жок, / Сайыштан качып ээринип. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ “Бактыбай, Сүйүн, Чолпонбай, / Маана болор элге, — деп, / Баш душманым кангайлык, / Калдагай кулак эле, — деп, / Куткарбайын аны” деп, / Аттын изин кубалап, / Артынан түштү Кененим, / Кең куланы камчылап, / Борбуйдан тери тамчылап, / Омбул-домбул түйүлтүп, / Ой-дөңү жок жүгүртүп, / Опсуз катуу жөнөдү. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Омбул-домбул жабышып, / Ойго-тоого жарышып, / Бура тартар чама жок, / Кош аңга атты салышып, / Катуу болду оодарыш, / Бирин-бири алган жок, / Ат үстүнөн оодарып, / Мүдүрүлү… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
…ындагы түктөрү, / Аркасынан көрүнүп, / Шамал ыргап сепектеп, / Узун мойун неме экен, / Шилисин тартып кекең деп, / Олбуй-солбуй теминип, / Эки буту тепеңдеп, / Омбул-домбул түйүлтүп, / Куу чаптар менен койгулап, / Колундагы найзанын, / Учунан жалын от чыгат, / Байкап турат Сейитим, / Кайраты канча деп сынап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
…ердин бети чаң болуп, / Туман оуйуп, боз түшүп, / Күчүн жыйнап колуна, / Алаканга түкүрүп, / Өзүнөн өзү муңайып, / Улутунуп үшкүрүп, / Алдында минген качыры, / Омбул-домбул түйүлүп, / Узуну чыкпай жылкыдай, / Томполоңдоп жүгүрүп, / Жетер-жетпес келгенде, / Чокмор менен Сейитти, / Чаба турган кездерде, / Баатырдын уулу кара көк, / … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →