өм
- Көп, сансыз, каптаган, жыш.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Жеке чыгып сайышка, / Жарабастан намыска, / Жабылып булар өмүлдү.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Алтын чырай нур бети, / Аттанып бура тартарда, / Күүгүмдөкү устадай, / Көк жашыл тартып көрүндү, / Жалгыз кара бир башы, / Капкайдан келген чоңдорго, / Жалтанбастан өмүлдү, / Жан соогалап кылчайбай, / Бул айылдан бөлүндү.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Балта тийген бул найза, / Тал-талынан бөлүндү, / Өз найзасын колго алып, / Калыбек каапыр өмүлдү, / Каарын көргөн калганга, / Бүткөндөй болуп көрүндү, / Алымсарык өмүрү.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Эң эле жаман жан кыйнап: / — Жаш ойронум, — деп ыйлап, / Өмөрүң кыска, күнүң аз, / Өмүрлүк менин жубайым.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Гүлчоро минген Суркойон, / Өмгөчөктөп жыгылды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →