өл1

китептерде 3813 жолу, 10 китепте өл 2 →
  1. Чийки, суу, ным, иштетилбеген, ийленбеген (тери жөнүндө).

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Асылбача жаш өлүп, / Бул иши мага калганы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
…йамат кайым болгунча, / Кыргызды колдойт” – деп салат; / Карыйалар кеп салат: / “Хан Бакай менен Каныкей, / Эр Семетей, Гүлүстөн, / Тулпар минип, туу кармап, / Өлбөй тирүү дүйнөнү, / Кезип жүрөт” – деп салат; / Абалкылар кеп салат: / “Айдай жеңең Айчүрөк, / Ак куу болуп асманда, / Учуп жүрөт” – деп салат. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Жамгырчы менен Балта дөө, / “Сынчыдан миң ат өлдү деп, / Хан Алмамбет баашабыз, / Каарлап алып кетти деп” / Калгандардан угуп кеп, / Куруп калган Сынчыбек, / Кокус өлүп кетер, деп, / Учуп жетип энтелеп: / — Ба… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Өлгөнүн көрбөй баатырдын, / Же көмгөнүн көрбөй баатырдын, / Катынын кантип сен алдың?! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
– Баланы кандуу сууга соёлу, эгер биз кандуу сууга киши сойбосок бизди астырып өлтүрөт, – деп баланы акчага сатып алып барып сууга соердо, бала: Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →