өлөң1

китептерде 11 жолу, 6 китепте өлөң 2 →
  1. Саздак жерде өсүүчү көп жылдык ичке жалбырактуу чөп.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Өлөңүн айтып жеңишип, / Той беришип эңишип, / Чубуруп жүрүп кечкече, / Той-торопо ээрчишип. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Бышылдатып мурдуңду, / Шорголотуп богуңду, / Айра чаап жонуңду, / Табат эле жолуңду, / Сазды бойлоп өлөң жеп, / Салкындап сазда жаткын деп, / Уйга айтканы дагы бар. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
…кеңеш, / Калтырбайлы кечилди, / Аттангының жүрү деп, / Кудай берген мал-пулду, / Куржунга салып пул катып, / Короодо малды жайнатып, / Адырга жылкы топтотуп, / Өлөңгө уйду оттотуп, / Какырга төөнү колбутуп, / Жүрөсүң, Жакып, мал багып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Чаначка кымыз алдырып, / Күчүү жанып калат деп, / Күч ала туурап салдырып, / Ак кыйанын ойуна, / Чоң Үркөнүчтүн бойуна, / Манастын улуу чунактын, / Келе турган жолуна, / Өлөң айтып жеңишип, / Селкинчегин тебишип, / Чатыраш ойноп даң салып, / Чай кайнатып бал салып, / Казыга кошуп жал салып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Эми муну таштап коюп өлөңгө кирдик. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →