өлөт

китептерде 85 жолу, 10 китепте
  1. Кандайдыр бир оорудан малдын жапырт өлүмгө учуроосу, жапырт өлүмү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Манастан бери карата, / Алты ата болду кыргыздар, / Бады көлдөн бер жакка, / Беш ата болду маңгыттар, / Алышып келе жатабыз, / Ошондон бери бир тынбай, / Канча ата болдуң беш урук, / Бери карап кебимди ук, / Кимди басып ким келсе, / Келген жагы көп өлөт. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Коросон, испан кыргызга, / Ирегелеш киши элек, / Коңшуга бүлүк салыпсың, / Сени ээрчиген Темирбек, / Тентип өлөт бир сайда, / Коросон менен испандын, / Сөөгү калат ар кайда, / Калдаңдаган калмагым, / Сен өлөсүң майданда, / Илегерлик кылам деп, / Коңурбай каны кошулду, / Күрпүлдөк деген дайрага. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Изин байкап көрүптүр, / Кайсы жакка басканын, / Тарашаны бет алып, / Аттардын изи чубаптыр, / Сыртка чыкса көрөт деп, / Борошо болсо кокустан, / Бири калбай өлөт деп, / Катуулата бастырып, / Аңкаарыбай аптыгып, / Чыга калса туу белге, / Карааны малдын көрүндү, / Алысыраак бир жерде. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Байлап койсом өлөт, деп, / Агийиндей шумкарды, / Агытып кетип калганбы, / Олуйанын үйүндө, / Үч түлөгүн түлөгүн, / Жаныбарым Агийин, / Асмандап учуп бул жерге, / Бирге кабар салганбы? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Ошого да болбой, өлөт алгыр бир кызыл уй чычаңдап, мөңкүп барып токтой калып, куйругун шыйпанып, тумшугу менен арткы бутун бир жыттап алып, туруп-туруп, топ-топ бөлүнүп, өкүрөңдөп алып, жүрүп бербеспи! Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →