өлчө

китептерде 42 жолу, 9 китепте
  1. Бир нерсенин оордук салмагын, көлөмүн же узундугун ченөө.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Жалаңгыч сарык Кененим, / Батыш менен чыгыштан, / Баш көтөргөн ким болсо, / Түгөтө кырып олжо алды, / Саламат анда тең алды, / Хан Калдыктын колунда, / Адам өлчөп билгисиз, / Ар түрдүү бар жарагы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Укурук боолук алышып, / Өлчөп минчүү аттарын, / Кармап келе калышып, / Кетичүдөй эми эле, / Чигитей менен чабышып, / Алжан-алчын – эки урук, / Тайарланып калыптыр. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Үңкүрдүн кара капчыгай, / Анда чыгат чыт ыргай, / Ыргайдын түзүн кыйдырып, / Ыктуусун күнүгө жыйдырып, / Көлөкөдө кургатып, / Жарыгы жоктон шыпшатып: / Катуулугу ыргайдын, / Адам өлчөөр эме эмес, / Жашык-жушук темирден, / Каткан ыргай кем эмес. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Мына бул турган Сейитим, / Кененимдин баласы, / Манас экен бабасы, / Адам өлчөр киши эмес, / Эрдиги менен айласы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
Калтылдаган элпек колун дагы жаңкыдай кылып, өлчөп туруп: Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →