өлкө
- Белгилүү бир жер, территория, аймак, край.
- Мамлекет.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…өксө деп, / Ошол атка конуптур, / Капканын алды кыркууга, / Үчкошой атын койуптур, / Айкөл Манас, үч Кошой, / Кырга чыгып жер көрдү, / Кызымталдуу төр көрдү; / Өлкөгө бүткөн сазын көр, / Өрдөгү менен казын көр, / Бөлөк-бөлөк сазын көр, / Бөлүнүп учкан казын көр; / Кумунда кийик чубаган, / Курбуда кулжа жуушаган, / Адырда арк…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →