өкүн

китептерде 14 жолу, 6 китепте
  1. Кандайдыр бир жагымсыз иш, окуя ж. б. болуп кеткенине кейиште болуу, кейип калуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

Деп өкүнүп бир далай, / Жол аруусун билгени, / Жолуна Алмаң киргени, / Кайта келип Алмамбет, / Жараганы керекке, / Алдындагы Сарала, / Аса байлап терекке, / Башына мамык жастанып, / Жатып калды жай алып, / Муну мындай таштайлы, / Коңурбайдын сыйкырлуу, / Кароолунан баштайлы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Тоодой болгон Кыйазың, / Көк букадай өкүрүп, / Таба албай аны өкүнүп, / Үкүдөй көзү акыйып, / Жез кемпирдин жети уулун, / алыке менен Сатыке, / Кутубай – онун чакырып, / Калган элди тара! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Ушу сууну көргөндө, / Чубактын улуу Канчоро, / Келгенине өкүнүп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Өкүнчү батпай ичине, / Өлгөндү алып эсине, / Каары келип камыгып, / Бар жарагын жам кылып, / Калтырбай алып ат минип, / Кабаттап темир тон кийип, / Бастырып жөнөй бер… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →
Өзүм башында казакмын деп айтаарын айтып коюп, артынан өкүнүп калдым. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →