өкүмсү
- Өкүм сыяктуу, колунда бийлиги бар адам көрүнүүгө аракет кылуу.
- Өткүрсүнүү, кыйынсынуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Ээрден көчүк бултайды, / Үзөңгүдөн бут тайды, / Пилден ооп кыйшайды, / Жер тайанып жыгылды, / Топого башы тыгылды, / Өкүмсүгөн Илебин, / Бу да көрдү өлүмдү.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Өкүмсүгөн айбандын, / Өпкөдөй бети бышарып, / Тарамышын чырайтып, / Бүтүн жердин бетине, / Жан койбостой кыйратып, / Алдымда минген көк качыр, / Шодоңдотуп куйругун, / А…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
…йылчылап барсаң, ал эркиң, / Абийирин бирөөн ачам деп, / Ат бастырып барбагын, / Бүгүн-эртең басам, деп, / Ашыгып дүрбөөн салбаймын, / Өзү эле келет тийишип, / Өкүмсүп жүргөн калмагың, / Сайып алган Көңтөйдөн, / Бүлдүргө тыйын албадым, / Катышып калса кол салып, / Айанып тура албаймын, / Кара жаным сактанып, / Баш катып туруп…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Өлбөй чоро кутулду, / Өкүмсүгөн Кызыл дөө, / Эр Семеңе тутулду.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Кырк алты күндүк жол калды, / Талас менен маңгыттын, / Орто жери арасы, / Муну мындай таштайлы, / Кара жолдо бутташкан, / Бакдөөлөттүн өкүмсүп, / Өлгөнүнөн баштайлы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →