өктө

китептерде 10 жолу, 5 китепте
  1. Орундалбаган доо, ишке ашпаган тилек, өкүттө калгандык.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Кечирим кылды хан Калдык, / Бир далай туруп жымыйып, / Өлүмдөн калды кутулуп, / Өктөгө калды тутулуп, / Жергесинен айрылып, / Кургак наамы хан болуп, / Каракөз турат култуйуп, / Ачыбаган камырдай, / Бопбоз бети былтыйып, / Түрө карап алдыртан, / … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Каңгайга барсам табамын, / Ким үчүн минтип калганым, / Өктө кылып айтамын. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
адам билгисиз, / Кара Черүү калганы, / Эсен ханды көргөндө, / Кечилдин ханы Коңурбай, / Мурдагыдай жүгүнбөй, / Таазим кылып бүгүлбөй, / Өрт көрүнүп көзүнөн, / Өктөсү чыгып сөзүнөн, / Каадалап ханын жатпады, / Каарлуу сөзүн баштады: / — Капкайдан келип алаштар, / Түрк улуу элге кол салды, / Түрк улуу мында келишке, / Кытайда… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Кыргыздан кыраан семетей, / Өктөсүнө калбайлы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Өктөсү жок болсун, деп, / Ойрот баатыр айтты, деп, / Барып айтып сен келгин. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →