өк
- Өкүнгөндө, кайгырып-капаланганда ички сезимди билдире турган сөз.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Коколой өзү жалгыз баш, / Соорандык уулу Алмамбет, / Сан баатыры көп эмес, / Салышка кирсе өк дебес, / Андан качып кутулбайт, / Жер бетинде кеп-кеңеш.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
…нча жыл, / Канаттууга кактырбай, / Эркин койуп ардактап, / Эркелеттиң алыңча, / Онубузду сарбаптап, / Бизди салгын алдыга, / Өлүп кетсек майданда, / Өлгөндөргө өк болуп, / Жөлөк болуп тирүүгө, / Кууп алчуу сен барсың, / Сенден кийин калганда, / Ишке бизди ким салат?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Тиригиңе тик болгон, / Өлүгүңө өк болгон, / Өз кезинде Гүлчоро, / Алтымыш уруу алашка, / Ала тоодой чеп болгон, / Далысы жок, кол чолок, / Бүгүн мындай кор болгон!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Өлүгүнө өк болгон, / Тиригине тик турган, / Эр Төштүк айкөл Манаска.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Өгүнгү кылган убада, / Ошол сөздө барсыңбы?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →