өйкө
- Дененин бир жери кысылып же катуу нерсеге тийүүдөн сүрүлүү, сүрүлүп жооруп кетүү; өйүү.
- өт. Кандайдыр бир жагымсыз иштен улам санаа тартуу, беймаза болуу, тынчсыздануу, тынчы кетүү, жүрөгү түпөйүл болуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
Эзелтен жуулуп көрбөгөн адырайган, тегирич шымым дал-дал бөлүнүп, кири муздай колдоюп, такымымды кызартып, өйкөп жүрөт.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →