өйдө

китептерде 87 жолу, 8 китепте
  1. Жогору, жогору жак, ылдыйдын карама-каршысы.
  2. Чыгыш жөндөмөдөгү сөздөрдөн кийин келип, ошонун, ошол нерсенин өзү кошулуп эсептеле тургандыгын көрсөтүү үчүн колдонулат.
  3. өт. Айырмасы, сапаты ж. б. жогору.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Баатыр тууган кара көк, / Андай урган найзанын, / Кагып көнгөн канчасын, / Балта менен Бекбача, / Балтаны өйдө какканы, / Балта тийген куу найза. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Айланып артка болгончо, / Аттарын сабап чойгунча, / Капташа түшкөн бирөөнү, / Как далыга муштады, / Сыргак сайган оңобу, / Эңкейсе өйдө болобу? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Кол кубанып мемиреп, / Баштагыдан дагы өйдө, / Болуп калды эр Чүрөк. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Не дегенин билбедим, / Ат откозуп талаада, / Эшик өйдө жүргөмүн. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →
Билишет экен: өлгөн-житкенден өйдө баарын терип-тепчип калтырбады. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →