өзөк1
- Өсүмдүктөрдүн сабагынын же тамырынын ортосундагы узатасынан кеткен көбүнчө жумшагыраак келген борбордук бөлүгү.
- Өсүмдүктөрдүн жалбырак, гүл жана мөмө алуучу негизги бөлүгү, сабагы.
- Ички тамак өтүүчү жолдор; ички бөлүк, ич.
- Кандайдыр бир нерсенин ортосуна салынган нерсе же ортодогу бөлүгү.
- өт. Негиз, ойдун тамыры, башкы касиет.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…де таң калат, / Калтаарып баары калышып, / Кагышып чыкты кечкече, / Аппак шордо салышып, / Кайра жанбай артына, / Өчүгүшүп тайышып, / Өлүмдөн башка кеби жок, / Өзөктөн канды жайышып, / Токтолуп калган жери жок, / Чаалыккансып талышып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
…м дебегин, / Талпагың ташка керейин, / Тереңди тасма тилейин, / Кутурупсуң, Кененим, / Көөкөрлөп каның ичейин, / Айтканыма жетпесем, / Найзага илип кетпесем, / Өзөгүңдөн жарбасам, / Өпкө бооруң албасам, / Бооруңду чокко салбасам, / Жүрөк каның ичейин, / Каныңа кылыч майласам!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
…/ Карамендер чоң басып, / Жандата атып салдым, — деп, / Белге чыгып элейип, / Мени көрбөй калды, — деп, / Жерге кирсин көр дүйнө, / Аттарын өзү алсын, — деп, / Өзөктөн каның жайбасын, / Жан куткаргын барың!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Бул Канчоро кара ниет, / Өздөн чыккан жат болду, / Сегиз күндө келгиле, / Өзөктөн күйгөн өрт болду, / Калганын кийин көрөрбүз, / Бакай айтып токтолду.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Өзөктөн чыккан өрт болдуң, / Өздөн чыккан жат болдуң, / Канчоро бүгүн хан болдуң, / Кан ичип жолуң шар болдуң.!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →