өзгө

китептерде 24 жолу, 7 китепте
  1. Башка, чоочун, жакын эмес, тааныш эмес.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Урматтуу казак элиңди, / Өзгө журтка кар кылып, / Жайнаган колуң бул турса, / Калкыңды ага зар кылып, / Басарга калбай бош жери, / Кең дүйнөсүн тар кыл, / Бул кылышың жакшы эмес, / Арамдык кылган мен эмес, / Адал ашка күмөнсүп, / Сен Медеркан, киши эмес! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Ошондо Манас кеп айтат, / Кеп айтканда эп айтат: / — Ой, Алмамбет, жан досум, / Өзүң жалгыз зордойсуң, / Өзгөнүн баарын кордойсуң, / Башың жалгыз зордойсуң, / Башка элдин баарын кордойсуң, / Антип жүрсөң болбойсуң, / Акыры бир күн оңбойсуң. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Сыр алдырып өз элге, / Шылдың болуп өзгө элге, / Антип тирүү жүргөнчө, / Айтканым айткан эме эле, / Касиеттүү Тапан хан, / Кара каш сулуу тажаалдан, / Акылдашып кеп алып, / Эп келгенин эм алып, / Салгылашып көрөйүн, / Колго тийсе кокустан, / Чойтолоң, Тапак, Тазкара, / Жүрөгүн тирүү жулайын, / Өз майына куурайын. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Көрүнөт өзгө түгөнгүр, / Бүкүлү тоо жылгандай. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
—дегендей болду, өзгөлөргө угуз-бай, жолоочунун өзү гана уккудай кылып, акырын. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →