өзбектер
- Өзбек Республикасынын негизин түзгөн, түрк тилдүү калк.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…уулу Семетей, / Ак калпак кыргыз деп келди, / Атабады алаш деп, / Айчүрөктү талашып, / Жедигерди кыйратты, / Чакырып ураан Манас деп, / Семетейден бер жакка, / Өзбек менен казакты, / Таманынан жөлөдү, / Жедигер, тажик, түркмөндү, / Киши ордуна көрбөдү, / Түрк уулунун ичинен, / Тоңгустун тогуз тукумун, / Өз жагына бөлгөнү, /…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Ат минип бешөө бөлүнүп, / Эл четине көрүнүп, / Эр Семетей төрөнүн, / Оозунан гөхар төгүлүп: / — Атпай алаш көп урук, / Ак калппак кыргыз элин ук, / Өзбек, тажик кошулуп, / Жакшы-жаман күндөрдө, / Башынан келдик бир туруп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Төштүктөн өзүң турасың, / Кошойдон турат Бактыбай, / Сынчыбектин элинде, / Өзбектерден далай бар, / Керкөкөүлдүн Тетиги, / Бирде болуп, бирде жок, / Атаңдын көрү дүйнө шок, / Букардагы Кара хан, / Ысмайыл өтүп баласыз, / Баары чыкты катардан.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
Баягыда казак, кыргыздын байлары өзбек, ногойдун соодагерлери дуулап турган жармаңке ушул!
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →