өжөр
- Ойлогонунан, айтканынан, кылып жатканынан баш тартпаган, кайтпаган, ошондой кылам деп эле аракеттене берген.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Өлгөн сайын өөрчүгөн, / Өткүр Манас тукуму, / Өчөшүп бенде түтпөгөн, / Өчөшүп келип буларга, / Өжөрдөн канча дөө өлгөн.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Өжөр чыйрак Мадана, / Жаш баладай жүгүргөн, / Чигитейге жакындап, / Чукул кирип келгенде, / Көзүнөн жаш төгүлгөн: / — Айланайын өзүңдөн, / Карааныңды көрдүм мен, / …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
…актап, / Алдыбызда өлүптүр, / Темир тондуу Шалкымат, / Жез киндиктүү Кикимат, / Кыргыздан чыккан жаш балдар, / Баары мыкты талыкпас, / Эртеден кечке чабышта, / Өжөр экен чалыкпас, / Катышып калса кыргызга, / Дарт экен булар айыкпас, / Заары жылан тили экен, / Балдары кызыл пил экен, / Баарысы окшош жүрүшөт, / Баш билгиси к…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
- / Хан Алмаң мындай дегенде, / Карманды Чубак өжөрү: / — Катыгүн, Алмам, не дейсиң?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Эрлик менен ченебей, / Эчтемени элебей, / Ат менен барып баш кеспей, / Жөөлөп жетип барыптыр, / Өжөр калмак өлө элек, / Эки бутка капшыра, / Кетелек менен салыптыр.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →