үңүрөй

китептерде 7 жолу, 5 китепте
  1. Чуңкурайып, ич жагына кирип туруу.
  2. Үңкүйүп, кабагын ачпоо, кабагы бүркөлүү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…рсыйып, / Кара бойу мунардай, / Бир колу бар чынардай, / Туурасы көтөк тарыган, / Жер дүңгүрөйт каарынан, / Оозунан көбүк чачылып, / Төбөсү түшкөн көр өңдүү, / Үңүрөйүп ачылып, / Азуулары качырап, / Илебин чыкты кызталак, / Маңдай тери бырышып, / Асыл шерди көргөндө, / Куйкалары курушуп, / Доолбасын карс уруп, / Ач бөрүдөй улу… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Көңүлүм сенде калбайбы, / Үңүрөйүп турушуң, / Көөрүнө айтсаң болбойбу, / Ойуңда болсо жумушуң, / Баарысын чачам мүлкүмдүн, / Дүнүйөсү курусун! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
…о карарып, / Үйдөй чокмор колго алып, / Уйутуп койгон чойунбаш, / Чойунга болот аралаш, / Опколжуп келип урганда, / Томкорулуп кетүүчү, / Орто дөбө эчен таш, / Үңүрөйгөн кабагы, / Үксөйүп башка чыккан чач, / Ороңдогон бул каапыр, / Одураңдап келатат, / Чаптырбай баатыр эр Манас, / Ач билектен кармады, / Көмөрө чокмор чаба албай… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
Үңүрөйгөн терең кабагынын алдындагы алсыз көзү менен бир топко мени тиктеп туруп-туруп: Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Болгон чочуп ойгонсо, эки көзү жок, үңүрөйгөн орду гана калган. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →