үңүл
- Көз айырбай кароо, көз албай тиктөө, абыдан көңүл коюп кароо.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Колуңдагы дүрбүнү, / Жана салып үңүлдү, / Маңдайынын бырышы, / Эл жайлоочу төр өңдүү, / Каш-кирпигин карасаң, / Карагайлуу жер өңдүү.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Көкчөнүн башын кестик, деп, / Качкын кул менен Чубактан, / Катар өлүп кеттик, деп, / Эрдемсинген бул үчөө, / Жандарынан түңүлүп, / Калтырашып үңүлүп, / Аттарын сүйрөп жол таппай, / Айласы кетти түңүлүп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Деп Каныкей үңүлүп, / Санаасы санга бөлүнүп, / Самсаалап жашы төгүлүп, / Саамайы тал-тал бириндеп, / Этек-жеңи дирилдеп, / Жан тери келип жана да, / Дүрбүсүн салып караса, / Чубаган аттын санаты, / Нак токсонго толгондо, / Сейитектин тогуз ат, / Чубашып чыкты ошондо.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
— деди жесир катын мага үңүлүп карап.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Кирип келип ар кайсы жерде бышактап ыйлап отурган катындардын себебине түшүнгөндөй үңүлүп карап калды эле, Сарбагыш:
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →