үңкүй
- Капа болгон кебетеде башын төмөн салуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Же кырылып каңгай түгөнбөй, / Же кырылып кыргыз түгөнбөй, / Он жыл өтпөй арадан, / Кызыгышпай жөн жүрбөй, / Чымындай жан жай албай, / Өлгөндөрдү укканда, / Үңкүйүп жатып алалбай, / Отор, Табай, Катайлар, / Барбасаңар жатыңар, / Мен барамын кыргызга, / Эми калдым жаталбай!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Кайраттанды Карадөө, / Чоң чокморун колго алып, / Каарданды үңкүйүп, / Кабагың карашы ал салып, / Заарданып Карадөө, / Уйутуп койгон чойундан, / Жолум үйдөй чойун баш, / Опколжуп келип урганда, / Омкорулуп далай таш, / Карс-курс эткен үн чыгат, / Асманда учуп топурак, / Көктү тиреп зоңкойгон, / Тоо түгөнүп баратат.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Үмүтөй менен Керимбай, / Сары оорудай үңкүйүп, / Олтурат алар үксүйүп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Асманды тиктеп алайып, / Капкадай бойу далайып, / Үстүнкү ээрди көк тиреп, / Алдынкы ээрди шалайып, / Сомбилекти караса, / Жерди тиктеп үңкүйүп, / Кабагынын суугун көр, / Жер кемердей чүңкүйүп, / Арам өлгөн Тетеге, / Колуна жарак албаган, / Ачууланса ал кимге, / Оозу менен жалмаган, / Ага болбой баратс…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →