үшүк
- Үшүтүп, зыяндатып кете тургандай суук.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Жамгырда эгин айдаса, / Жел согуп үшүк албаса, / Бышпай чийки калбаса, / Өлчөм деген болбосо, / Таар-таарлап дан алса, / Суудан кемип калбаса, / Чирип жатат жыгачтар, / Отун издеп бир жерге, / Убара болуп барбаса, / Талыгабы кыргыздар, / Ушундай жерге карчашса?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Кыштын күнү болгондо, / Үшүк алып молойуп, / Кол-буту чолок болсун деп, / Калың чапан кийгизбейт.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →