үшкүрүн

китептерде 6 жолу, 4 китепте
  1. Үшкүрө берүү кайта-кайта үшкүрүү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Айтып болуп Көкбөрү, / Үшкүрүндү муңайып, / Аны угуп хан Калдык: / — Маа берсеңер бийликти, / Мына мындай кылалык, / Кызылкыздын кебине, / Амал кылып туралык, / Жата бербей бул жерде, / Аттын башын буралык, / Баш оорутпай жок ишке, / Ушунубуз ылайык. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
көз жумбай, / Таңга жакын болгондо, / Кеп сурады Акмаңдай: / — Тегеренип Таласты, / Коргонду душман камаса, / Жатаар элең козголбой, / Таң агарды бүгүн түн, / Үшкүрүнүп көз жумбай. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Чачын тарап саксайып, / Кемпир болуп кубулуп, / Чала-була жөтөлүп, / Белин сүйрөп мөкчөйүп, / Чеңгелге толбой чөкчөйүп, / Жасалма мастан Желмогуз, / Сейитке карап жалооруп, / Убайым батпай ичине, / Үшкүрүнүп тим эле, / Үнүн муңдуу чыгарып: / — Айланайын чырагым, / Ашыгып кайда барасың? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Каркылдап кайран Кутубай, / Туура тарткан сур чабар, / Мингиниң деп айта албай, / Көзүнүн жашы он талаа, / Сакалы ылдый куйулуп, / Өңү нечен кубулуп, / Үшкүрүнүп турганда, / Абасы түшүп эсине, / Каныкей менен Бакайдын, / Карааны көзгө элестеп, / Асман түшүп келатса, / Кенебеген Гүлчоро, / Оң бөйрөгү бүлкүлдөп, / Көзүндө… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Үшкүрүнүп муңайып, / “Атым жок” — дел зарлады. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →