үшкүрүк
- Капаланганда, кайгырганда же чарчаганда үшкүрүнүп катуу чыгарган дем.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Үшкүрүгү таш жарып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Угуп сөздү Канчоро, / Үшкүрүгү таш жарып, / Кеп айта албай тамшанып, / Акылсыз жаман тамтайып: / — Айтканды эки кылбайлы, / Андан кийин албайлы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Үшкүрүгү басылбайт.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Ар качан мени көрөр, — деп, / Ат-тонумду белендеп, / Кечикпестен жөнөйм” деп, / Коргонго кирип ат издеп, / Айалдабай бат издеп, / Үй-үйгө кирип тон издеп, / Үшкүрүгү таш жарып, / Саадак менен ок издеп, / Кылыч издеп, балта издеп, / Найза барбы деп издеп, / Баш аламан жарактан, / Байкап туруп Сомбилек, / Бир канчасын жаратка…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →