үшкүр

китептерде 53 жолу, 10 китепте
  1. Үшкүрүк чыгара оор дем алуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Медеркан сындуу казактын, / Кызы күйгөн кишиси – / Кездешип жүргөн душманы, / Ичине батпай үшкүрүп, / Медеркандын бушманы, / Ичкен ашын биле албай, / Же өлтүрүп кызын ийе албай. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Койо берди үшкүрүп, / Оозунан түтүн буркурап, / Ала карга, сагызган, / Үн алышып чыркырап, / Сакал менен муруттан, / Учуп жатат быркырап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Өзөгүнөн өрт күйүп, / Тапан хан турду үшкүрүп, / Жаанда калган эчкидей, / Бытылдата чүчкүрүп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
Тамдын бурчунда, Бурмакенин ийрип бүтпөй калтырган жипшууларын кармалап, үшкүрүп Жанымжан отурат. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
– деп үшкүрдү эле, кайдан-жайдан экени белгисиз ак сакал чал пайда боло калып: Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →