үтүрөй
- Жаман көз менен карап, кабак бүркөө, кабак чытуу, түнөрүү.
- Начар, жупуну көрүнүү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Кылычка андес Көкбука, / Айры шили кара куш, / Кыйа чаап өттү эми, / Жер кучактап балбаны, / Намысы колдон кеткенде, / Үрөйү учуп Сулаймат, / Ооругандай ич сыздап, / Үтүрөйүп турду эле.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
Казак кыргыздын айылын аралап жүргөндө да, непир дандырдай болгон ак үйлөрдөн кур чыгып кайдагы бир үтүрөйгөн жаман үйлөр берер эле.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →