үстү
- Кандайдыр бир нерсенин жогорку, үстүнкү бети, бөлүгү, төбөсү, астына карама-каршы жагы.
- Дагы, дагы кошумча.
- Бир нерсенин маалы, убагы, жүрүп жаткан учуру.
- Ушул азыркы, азыр жүрүп жаткан учур.
- Кимдир бирөөнүн отурган жери, жайы.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Атасынан баласы, / Артып чыгат ар качан, / Урпагы жок Манастын, / Жакадан ажал албаса, / Ат үстүнөн кыйшайган.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
…р суйулуп кылгылдап, / Найзанын учу жылтылдап, / Ат куйругу былкылдап, / Жердин бети жыбырап, / Адамдан келет сел каптап, / Аргымак аттар алкылдап, / Азаматтар үстүндө, / Ар кубулуп шалкылдап, / Белинде кылыч, ай балта, / Күн чагылып жалтылдап, / Жондо мылтык жалтылдап, / Доолбас үнү карсылдап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Абаң Бакай, Каныкей, / Шер Гүлүстөн,Айчүрөк, / Торсолдой менен Кутубай, / Сетертай менен Каргалдай, / Оболбекти эшиктен, / Чакыртып келди Керменбай, / Сейитектин үстүнө, / Барып кирди булар жай.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Үстүндө жеңи кырылган кызыл чапаны бар.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Анда баягы кемпир: "Сен үйдүн үстүндөгү чамгаракка чыгып, эки жакты карап жат", – деп кыздардын улуусун ал жакка жиберет.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →