үрөй
- Түр, кебете, кебете-кешпир.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Буйругуна баш ийип, / Чынгышка келди жулугуп, / Жооп бербей далайга, / Чынгыш турду чулуйуп, / Оордунан туруп мултуйуп, / Кыр көрсөтүп мурчуйуп, / Үрөйү суук неме экен, / Эки бети тултуйуп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Кылычка андес Көкбука, / Айры шили кара куш, / Кыйа чаап өттү эми, / Жер кучактап балбаны, / Намысы колдон кеткенде, / Үрөйү учуп Сулаймат, / Ооругандай ич сыздап, / Үтүрөйүп турду эле.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
…, / Караанга келген чуркурап, / Дүрбөгөнү андан көп, / Караанын көрбөй баатырдын, / Сүрдөгөнү андан көп, / Көпчүлүктүн көөнү айнып, / Кусуп жаткан андан көп, / Үрөйү өчүп, өңү азып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →
Туш-туштан тарсылдатып аткылап, элдин үрөйүн алып, үйүрдүү малды үйүрү менен, жүктүү малды жүгү менен четинен тизип алып жөнөдү.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Ак улактын "өлөбүз" деген сөзүн кара улак укканда үрөйү учуп коркуп кетет.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →