үрп2
- Куюлган идиштин (чаначтын, сабанын) түбүнө же бооруна туруп калган жана ачыткы катарында колдонула турган кымыздын бүртүк-бүртүк коюусу.
- диал. Кымыз бишкегинин башы.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…Бэйжинге Манас барганда / Кыргызга казак тең турган, / Жылкы кууса бир кууган, / Кеп-кеңешин бир кылган; / Бэйжинди колго алганда, / Казактын элин каркыттап, / Үрбүсүн анда хан кылган, / Казактан калган элдерди, / Качанда ага тең кылган?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
…тей карай жүгүрдү, / Ылдамдап тайган кеткенин, / Эр Кененим көрүптүр, / “Жан көрбөсө жаныман, / Жарым кулач кетпеген, / Доңуздан башка жандарга, / Жолдон чыкса үрбөгөн, / Жаныман кетти ажырап, / Үргөнчө кетти арсылдап, / Аңдып жүрүп чоң Чиктей, / Келатканбы жакындап?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Үрбүдөн калган балдары, / Үрбүдөй боло албады, / Кулетендин алп агыш, / Андан тукум калбады.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Ай кыйадан баткандай, / Ааламды туман баскандай, / Бурулча кетти кыр этип, / Каныкейдин сол эмчек, / Ийүүчүдөй зыр этип, / Эмчек берип баланы, / Эптей алса Каныкей, / Эмчегинин үрпүнөн, / Агып турду диркиреп, / Чийдей кызыл кан кетип.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →