үрпөй
- Саксаюу, үрпөгөй тартып, иретсиз абалда болуу.
- Коркуу, чочуу, корккон, элтеңдеген абалда болуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Теңсинбесе бир бала, / Курушту куйка терибиз, / Үрпөйдү төбө чачыбыз, / Ачууландык баарыбыз, / Бир жанга кантип ал келбейт, / Чогулушсак баарыбыз, / Деген ойло кумсардык, / Байрак тиктеп туу сайдык, / Найза күүлөп төш жайдык, / Биз көпчүлүк, ал жалгыз, / Канат керип дагдайдык.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
…тек-жеңи делбиреп, / Бадирек турат тултуйуп, / Туулгасы тумтуйуп, / Сакалы жок мултуйуп, / Ачып көзүн каранып, / Эрди-мурдун жаланып, / Төбөсүндө чыккан чач, / Үрпөйүп бирден саналып, / Жайылданып кара жүз, / Ого бетер карарып, / Найзасы жок кур колго, / Балтасын алып камданып, / Кетемин деп ойунда, / Кененим башын байланып, …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Бу бадырек Сазаңшаа, / Келип калса жериңе, / Аралап кирсе элиңе, / Оруп буудай данды алат, / Үрпөйгөн калың бакты алат.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
— деп, эл үрпөйүп, чочулап турушкан.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Эки жагын каранып тиштерин арсайтып, жүндөрүн үрпөйтүп, так алдында турган арстанды көрө койду да жыгачтай катып калды.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →