үркүн
- Элдин душмандан үркүп качкан катуу дүрбөлөңү (кыргыздарда мындай абал 1916-жылы аёосуз кыйратылган көтөрүлүш учурунда болгон).
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…лгон алашка, / Манасты чаап алгалы, / Кыргыздын элин тебелеп, / Жыпжылма кылып салгалы, / Каадасынча баштагы, / Кыз-келинин алгалы, / Кыйалында жөнөдү, / Кызыл үркүн кылгалы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
Он алтынчы жылы кыргыз үркүнүндө кандай кубулмалуу кабар угулуп жатса мынабу да ошондой!
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Үркүндө Кулжага барып кайтышыптыр.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Баягы үркүндө күлүн асманга чыгарып өрттөп кеткен Василий, Башариндин үйлөрү кайра туруп калыптыр.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →