үрк
- Чочуп качуу, дүрбөп бир жакты көздөй ойт берүү, жалт берип качуу.
- өт. Душман кол салганда жашаган жайын, жергесин таштап качуу, башка жайга ооп өтүү; дүрбөлөңгө түшүү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…ына жандырды, / Кызымталдуу баатырлар, / Каскактын учун кан кылды, / Кара жерди май кылды, / Коросон менен испанга, / Кең дүйнөнү тар кылды, / Бөлүнүп чыкты эл үркүп, / Кайра качып дүркүрөп, / Жер аңга түшүп кетиптир, / Жүз жетимиш сүрдүгүп, / Ат ойнотуп сыздырып, / Эр Бактыбай бараткан, / Көрө салып Ачакан, / Байкап турган…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
…Ошол жерге келгенде, / Ойрон Алмаң муну айтат, / Олоктогон Чубакты, / Алмак үчүн бир сынап: / — Мингениң буудан Көктеке, / Жүрөктүү эле эркекче, / Жалтайгансып үркчү эмес, / Жолборсту беттеп чуу десе.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Кор-шар этсе кой үркүп, / Коңуруктап уктады.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Ээлигип алган ойноок козулар ошондон үркүп отуруп кой короого барып бир эле токтоду.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Жолундагы шаар эли үркүп кете баштайт.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →