үр
- Арс-арс, борс-борс эткен дабыш чыгаруу (мис. ит, түлкү).
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Ит агытып теке уулап, / Айгайлашып чуркурап, / Уу кылганда капчыгай, / Зоо кабышып жаңырып, / Бараңдын огу барсылдап, / Кулак тунуп тарсылдап, / Текени камап таш- ташта, / Тайган үрүп тарсылдап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Жайылып чыгар мал койбой, / Маана кылып жаанда, / Баш калакалар үй койбой, / Сойуп жерге кой койбой, / Суукка кийер тон койбой, / Үрүп чыгар ит койбой, / Азыгы жок, үйү жок, / Бут артарга тайы жок, / Алсыратып шаңкайды, / Таштат атып жөнөдү.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Ач кыйкырык-куу сүрөөн, / Олку-солку чоң дүрбөөн: / Мылтыктын үнү тарсылдап, / Доолбас үнү карсылдап, / Иттери үрүп арсылдап, / Кескелдирик, сары арыс, / “Келгин бери”, дегенсип, / Кишини карап кырсылдап, / Токойдун ичи бузулду; / Бир убакта кычырап, / Байкап турсаң токойдон…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
кылчактап, / Аңгыча көрүп Гүлүстү, / Кишиден бетер кучактап, / Көзүнүн жашы он талаа, / Токтобостон бурчактап, / Тиши тишке шакылдап, / Эки-үч үнүн чыгарып, / Үрүп ийди арсылдап, / Чө бөрү менен көк бөрү, / Үнүн угуп калганы, / Эси чыкты калтылдап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Кабыландын баласы, / Үрүп ити кыңшылап, / Артына түштү Семеңдин, / Атасынын Куу тайган, / Билип тоскон келерин.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →