үпүп

китептерде 18 жолу
  1. Темгил-темгил чаар жүндүү, ичин көздөй иймейген ийри тумшугу, башында таажысы бар канаттуу.
  2. диал. Кээ бир өсүмдүктөрдүн башындагы үлпүлдөк жумшагы.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

Илгери-илгери бир кашкулак менен бир үпүп экөө кыйышпас дос болушуп, бири-бирине касташпоого убада кылышып, ант беришип, дайым бир жүрүшөт. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →
Үпүптүн алдынан чыккан айбанаттар ийилип салам берип урматташып, мындай сый-урматка манчыркап көбө баштап, кыял-мүнөзү өзгөрүп толкундап турган учурда баягы кашкулак досу эсине түшөт. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →
– Үпүп дос, экөөбүз кыйышпас жан элек. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →
Үпүп кайра түстөгү жашап жаткан элге учуп келип, айылдан ит карайт. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →
Үпүп малдын жайытын көздөй учуп жөнөйт. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →