үпчүн

китептерде 9 жолу, 2 китепте
  1. Кооз ат жабуу.
  2. Эпостук баатырлардын жоо кийими.
  3. диал. Төшкө туташкан майлуу эт.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…улашып, / Байге бөлүп, кунан чаап, / Бабырашып, дуулашып, / Көкбөрү тартып дүбүрөп, / Ителгисин куу-куулап, / Кара суудан каз уулап, / Жеңишке салчу күлүктү, / Үпчүн менен жабуулап, / Жоргосун ылгап жылкыдан, / Буулумду тандап асылдан, / Сулууну тандап кыздардан, / Жез оймоктуу уздардан, / Көчкөндө төөсүн комдоткон, / Жасат… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Алдыңкы өткөн кездерде, / Имиштен уккан кептерде, / Карахан кызы Каныкей, / Атка үпчүн жасаптыр, / Көкөтөйдүн ашында, / Алмамбет жапса атына, / Коңурбай тааный албаптыр, / Укмушташып угушуп, / Атка үпчүн жабышып, / Келе жатат эл менен, / Жашырыны… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Арстаныңдын аты үчүн, / Абакемдин каты үчүн, / Эр башына бир куржун, / Мен беремин ал үчүн, / Көпчүлүккө киргенде, / Кийим окшош, ат окшош, / Көркөм менен баруу үчүн, / Ар куржундун ичинде, / Ат абайы – ат жалдык, / Өңү окшош ат жабдык, / Ат үпчүнү анда бар. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
– / Бакай мындай деди эле, / Чоронун баары калдаңдап, / Атына чуркап дарбаңдап, / Куржундарын колго алып, / Ичин ачып карашып, / Ат үпчүнүн жабышса, / Окшош боз ат жарашып, / Өздөрү кийди кийимин, / Өңчөй кызыл жарашык, / Сындап турат келбетин, / Бирин-бири карашып, / Таанылбай калды кубулжуп, / Би… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →