үпчүлө
- Үпчү тагуу, үпчүлөрүн байлоо.
- Кооздоо, жасалгалоо.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…рматтуу катын Көкөйдүн, / Кийгени жаргак сары шым, / Төбөгө чачы түйүлүү, / Белине балдак илилүү, / Сайма жаргак кемсели, / Ийнине баса кийилүү, / Кулагын алып үпчүлөп, / Көп кишинин бириндей, / Түк билинбей бул жүрөт, / “Медеркан келип күпүлдөп, / Чигитейге кас кылса, / Өлтүрүп койор жаш бала, / Туйундуруп баатырга, / Кетейи…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
…Буттап темир курчанып, / Каскаксыз найза колго алып, / Каарданып, сурданып, / Тарамышын чыйратып, / Кара бойун чыңдатып, / Кабаттап белин курчанып, / Үпчүлүгүн үпчүлөп, / Топчулугун топчулап, / Жардай сары ат минип, / Канча темир тон кийип, / Калканын тартып калдайтып, / Канча түрдүү жоо курал, / Бутагындай чынардын, / Аркы-т…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
- / Сыргакты салып жолуна, / Куу түлкүнүн кеп тонун, - / Коңурбайча чен тонун, / Алмамбет салды жонуна, / Бүчүлүгүн бүчүлөп, / Эки каптал-кабырга, / Үпчүлүгүн үпчүлөп, / Топчулугун топчулап, / Эп келтире койгону, / Нак Коңурбай болгону.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Үпчүлүгү бир тогуз, / Үпчүлөнүп алды эми, / Шумкарды колго кондуруп, / Толгомо саптуу чоң камчы, / Сол колуна алды эми.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Үпчүлүгү үч тогуз, / Үпчүлөндү, эр чоро.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →