үнсүз

китептерде 2 жолу
  1. Үн чыгарбаган, добушсуз, унчукпаган.
  2. лингв. Айтылганда ооздон чыккан аба жолтоолукка учурап, үн менен шыбыштын же жалаң гана шыбыштын катышуусу менен айтылган тыбыштар (мис., б, в, г, д, т, с ж. б.).

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

Мен муну айтканда, жеңем эми мындан ары көрө турган күнү бүтүп, өмүрдүн акыркы сааты калган кишидей колунда бир тал куурайы менен жерди чукуп, салбырап, акырын гана жашын төгүп, үнсүз ыйлап отурган. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
— деди Жоломан, бир аз үнсүздүктөн кийин. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →