үндө

китептерде 2 жолу
  1. Үн чыгаруу, унчугуу сайроо.
  2. Чакыруу, чакырык кылуу.
  3. Чакырып алуу, өзүнө келтирүү (колго багылган, тапталган алгыр куштарга карата).
  4. Арбоо, дарымдоо.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Оорагың бар арстансың, / Айбатта журтту баскансың, / Оозумда тишим жаркылдап, / Күлүп берсем шалкылдап, / Ачуу үндө баркылдап, / Эки-үчтү тартып жибергин, / Камчы менен жакындап,- / Кепти айтып алп Агыш, / Баштады барып чайкалыш. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Кайран катын Каныкей, / “Керегем сага кеп айтам, / Келиним уксун деп айтам, / Уугум сага кеп айтам, / Уулум уксун деп айтат,” / Как ушунун сыңары, / Ой чыгарып туйгузду, / Чыйырдыга айткансып, / Калгандарга угузду, / Кулакка жаккан жөндүү сөз, / Үндөбөй тыңшап турушту. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →