үндүү

китептерде 7 жолу, 5 китепте
  1. Үнү жакшы чыккан, үнү жагымдуу, шаңгыраган.
  2. лингв. Айтылганда ооздон чыккан аба жолтоолукка учурабастан, эркин чыгып, үндүн катышуусунан пайда болуучу тыбыш (мис., а, э, о ж.б.).
  3. Үнү бар, үн чыгарган, сүйлөй турган.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Кырааның Манас байкаса, / Кырк чоронун кыйласы, / Торго түшүп калыптыр, / Көрүп көкжал жаңжуңду, / Кудай берген байагы, / Кырк бир шерлик ачуу үндүү, / Арыстан Манас салыптыр, / Баатырдын үнү чыкканда, / Жаңырык тарап асманга, / Суулар толкуп чайкалып, / Тоо токтобой чайпалып, / Кара жерлер танабы, / Үзүлчү… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Иши оңолгон Тазкара, / Жел сөзгө тузак салуучу, / Мунун өзү бир балаа: / — Сен Картыке эмессиң, / Кочкор үндүү коркурак, / Абазыңан мен билдим, / Жайа салып жай айткан, / Амалыңдан мен билдим; / Алдап-соолап алпарчу, / Талабыңды мен билдим, / Узун койуп бек тартчу, / Танабыңды мен билдим. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
…лашып тарткан көк бөрү, / Тамылжып жаткан уланды, / Бой жасап жүргөн кыздарды, / Акыректе чоң сөйкө, / Алтындан чачпак сооруда, / Ар түрлөнүп кубулган, / Арген үндүү келинди, / Жаакташ менен Майбулак, / Жарашыктуу жеримди, / Кең Тескей менен Жайылма, / Жайыты малга кеңири, / Буура кужур, Акташы, / Жергенин сарыталаасын, / Ж… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Кыргоол жүндүү, кыз үндүү, / Кызыл чырай нур жүздүү, / Кызыл чийкил жаш бала, / Кирип келди мынаке. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Сүйлөсө башы кылтылдап, / Катын үндүү кыңкылдап, / Токтобой мойну баладай, / Ары-бери шылкылдап, / Таноосу көөп дердеңдеп, / Тамакайы былкылдап, / Келгендин баары жалдырап, / Сатайына карады. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →