үн

китептерде 475 жолу, 10 китепте
  1. Сүйлөгөндө, ырдаганда же кыйкырганда үн түйүнүнүн дирилдешинен пайда болгон добуш.
  2. Вокалдык искусство үчүн материал болгон адам добушу.
  3. Кээ бир заттардан чыккан дабыш, доош.
  4. өт. Ой, пикир, айткан сөз.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Манас деген үндү угуп, / Бактыбай жеткен экен, деп, / Калдык калды шашылып, / Өбөктөгөн атына, / Оңдонуп минди ашыгып, / Койуп өттү аңгыча, / Козубек кары качырып, / Кары да болсо Козубек, / Кайраты толук ушул кез, / Кыйрынан сайган Козубек, / Карасурдан кырданып, / Жер тайанды хан Калдык. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
…анда, / Эр Кененим көк жалды, / Сүйрөтүп алып кете албай, / Чөбүрөшүп жатканда, / — Келе бери арканды, / Мен сүйрөтүп кетем, — деп, / Кесилет чочко айтканда, / Үнүн угуп Кененим: / Семетей бабам колдо, — деп, / Абам Гүлүс жолдо, — деп, / Карыйа Бакай кайда, — деп, / Умай энем Каныкей, / Көгүчкөн болуп кубулган, / Көйкапта … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
…ден чыга калгандай, / Желмогуздай жаланып, / Жан-жагына каранып, / Кичине барча дөбөдөй, / Миң батман күрзү колго алып, / Күркүрөгөн куушта, / Жолборстой болуп үн салып, / Беттеше турган кез болду, / Келбеттүү Сыргак найза алып, / Качырган ооган кара тоо, / Качпай Сыргак бет алып, / Кайнаган курттай чогуудан, / Кабылды к… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
деп, / Айкырып калат үн салып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
– Балдарым, мен бир түш көрдүм, түшүмдө бир булбул үнүн мукам-мукам чыгарып укмуш сайрады, мен ошол булбулга ашык болуп, ашыктыктанн ооруп, минтип төшөктө жатамын, булбулду мага кимиң алып келип бересиңер? Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →