үмүт
- Кандайдыр бир нерсе жөнүндө үмүттөнгөн ишенич, тилек.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Бир денеңде бар болсо, / Алты-жети миң жаның, / Кыргызыңдан үмүт үз, / Жаның тирүү калбайсың!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ — Кеткен экен саруулап, / Энелерден үмүт жок, / Күч келиптир ат минген, / Ушундай экен дүйнө бок, / Балдарын сак алалы, / Бул экөөнө айла жок,- / Каныкей айтып тап таамай, / Толгоону мыктап келтирчү, / Дарыдан берди айабай.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Укканым чын, жалган жок, / Үмүт үзбө жарыңан, / Жарыңды колдон алдырып, / Баралбадың артынан.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Олжого кеткен Чүрөгүм, / Бойунда бала барлыгын, / Ошондо билип жүргөмүн, / Эркек тууса болду деп, / Жылдарды санап күйгөмүн, / Үмүтүм болуп Чүрөктөн, / Ан үчүн өлбөй жүргөмүн.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Кармаса да Гүлчоро, / Үмүт үзүп жанынан, / Өзү чочуп калганы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →