үлдүрө

китептерде 7 жолу, 6 китепте
  1. Алы, күч-кубаты кетүү, алдан таюу, араң жан кыймылдоо.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Бүтөлбөгөн сооту, / Оңдолбогон шайманы, / Үлдүрөп шайы калбаган, / Көөдөнүндө бар жаны. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Жөө туман түшүп күдүңдөп, / Көрүнбөй алды бүлбүлдөп, / Эси коркок немеси, / Эми кандай болор, деп, / Жаны калбай сүлдүрөп, / Жан үзчүдөй үлдүрөп, / Нечени мындай жүргөндө, / Эр Алмамбет баатыры, / Алдында минген Сарала, / Кыл такыйа кызыл чок, / Таажысын кийип башына, / Таң калып көргөн адамзат, / Сайын… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Аңгычакты болбоду, / Башын жерден көтөрүп, / Тапак өөдө болгону, / Баш көтөрүп үлдүрөп, / Өзүнчө сүйлөп күңгүрөп: / — Атым Тапак болголу, / Тапак атка конголу, / Мени менен бет маңдай, / Келген баатыр болбоду. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Кемпирдин көзү күүгүмдөн, / Басалбай чалдар бүжүрөп, / Жаш балдар калды үлдүрөп, / Катындар калды сөлдүрөп, / Кайгырдыңбы, Калдуубет, / Не үчүн мында келдим, деп? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →
Үлдүрөп сүйлөгөн сөзүнө, кыймылына караганда жүүнү бош неме болсо керек. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →